Таиланд Камбоджа менен болгон чек ара чырынан 300 миллион доллар зыян тартты
Таиланддын вице-премьери жана каржы министри Пхичай Чунхавачиранын маалыматына ылайык, Камбоджа менен болгон чек ара чыр-чатагынан улам өлкөгө 10 миллиард бат (308 миллион доллар) зыян келтирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, бул сумма алдын ала эсептөөлөргө негизделген жана келтирилген зыяндын реалдуу көлөмү мындан да жогору болушу мүмкүн. Өкмөт учурда чыр чыккан аймактарды калыбына келтирүү үчүн 25 миллиард бат (770 миллион доллар) бөлүүнү чечти.
Белгилей кетсек, Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы куралдуу кагылышуу 24-июлда башталып, беш күнгө созулган. Анда эки тарап тең адам жоготууга учураган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.