Япониянын жээгинде 3 метрге жетиши мүмкүн болгон цунами эскертүүсү берилди
Орусиянын чыгышындагы Камчатка жарым аралынын жанында болгон жер титирөөдөн кийин Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынан тартып түштүк-чыгышындагы Вакаяма префектурасына чейин созулган Тынч океан жээгинде 3 метрге жетиши мүмкүн болгон цунами эскертүүсү жарыяланды. Бул тууралуу Япониянын мамлекеттик NHK телеканалы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийликтер цунамиге байланыштуу бардык эскертүүлөр алынмайынча жарандарды коопсуз аймактарга эвакуацияланууга чакырууда.
Жер титирөөдөн кийин төмөнкү толкундар байкалган:
- Мияги префектурасындагы Ишиномаки портунда - 50 сантиметр;
- Токачи портунда - 40 сантиметр;
- Хоккайдонун түштүк-чыгышындагы Эримо шаарчасында - 30 сантиметр.
Ошондой эле Тохоку жана Канто аймактарында 20-40 сантиметрлик толкундар катталды. Алгачкы маалыматтарга ылайык, ири зыян же кыйроо болбогону кабарланды.
Япониянын метеорология агенттиги цунамиден эскертүү жарыялагандан кийин маалымат жыйын өткөрдү. Агенттиктин өкүлү Киёмото Масаши жээкке же дарыялардын жээгине жакын тургандарды тез арада бийик жерлерге көчүүгө жана эскертүү алынмайынча коопсуз жерде болууга чакырды.
Киёмото мындан тышкары, цунами толкундардын бир нече жолу сокку уруу ыктымалдыгын, ал тургай кийинки толкундардын андан да чоң болушу мүмкүн экенин эскертти.
