super.kg logo

Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин Северо-Курильск шаарынын бир бөлүгүн суу каптады

 

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Камчаткадагы күчтүү жер титирөөдөн кийин болгон цунамиден улам Северо-Курильск шаарынын айрым бөлүктөрүн суу каптаганын билдирди.

Орусия Илимдер академиясынын Геофизика кызматынын Камчатка бөлүмү социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Москванын убактысы боюнча түнкү саат 3төрдө жер титирөөнүн күчү 8,7 баллга жеткени жана бул 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө экенин белгилеген.

Илимдер академиясынын адистери алдыдагы бир ай ичинде 7,5 баллга чейин жеткен жаңы термелүүлөр болушу мүмкүн экенин эскертишкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адам өлүмү катталбаганын, бирок Северо-Курильск порттук шаарын жана "Алаид" аттуу балык ишканасын толкундар каптаганын, эл эвакуацияланганын кабарлады.

Камчаткадагы Цунами көзөмөл жана эскертүү борбору, Парамушир жана Шумшу аралдарына багыт алган цунами толкуну тууралуу маалымдаган.

Маалыматка ылайык, абал көзөмөлдө, бардык кызматтар ишин улантууда. Ошондой эле Сахалин облусунун жетекчилиги Северо-Курильскидеги зыянын жоюу үчүн күчтөрдү мобилизациялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: