U-17: Бүгүн Нуркерим Кумарбеков менен Амангелди Ысакбаев финалдык беттешке чыгат
Бүгүн, 30-июлда Грециянын Афины шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде (U-17) Амангелди Ысакбаев 60 килограмм салмактык категориясында алтын медаль үчүн килемге чыгат. Финалдык беттеште кыргызстандык балбан азербайжандык Али Назаров менен күрөшөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кечээ украиналык балбан Денис Середин менен беттешип, таймаштын акыркы секунддарында төрт упайлык ыкма жасап, эсепти 5:1 кылып жеңишке жетип, дүйнө чемпиондугунун финалына чыккан.
Ошондой эле Нуркерим Кумарбеков 45 килограмм салмактык категориясында азербайжандык Абдуррахман Хусейнлини 7:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты. Бүгүн ал финалдык беттеште Казакстандын балбаны Куанышбек Жангажол менен алтын байге үчүн күч сынашат.
