super.kg logo

“Сын-пикир деген айтылып келген...” Манастын эстелигин жасаган Тамила айым менен учкай кеп

 

Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюлган Айкөл Манастын айкели учурда коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Аны эки жогорку билими бар скульптор, бир нече сыйлыктын ээси Тамила Маматова жасады. SUPER.KG порталы да бир аз кеп козгоп, айкелдин автору менен кыскача маек курду.

- "Ала-Тоо" аянтына коюлган Айкөл Манастын эстелигин тургузууга канча убакыт сарпталды. Кандай чечмелесе болот?

- Менин ар бир эмгегим өзүмө баалуу, нарктуу да. Анан өлкөнүн негизги борбордук аянтына коюла турган эстеликти жөн эле жасап коюу мүмкүн эмес. Бул сыймык. Бул эмгек күнү-түнү уйку бербей, 1 жылга жакын жасаган долбоорум. Канчалаган эмгек, энергия, көздүн майы кетти. Кыйынчылыктар болбоду деп айта албайм, бирок сыймыктануу менен жасадым. 2 ай эскизин даярдоого жумшалды, 2 ай аны чоңойттук. 4 ай чогултуу иштери жүрдү. Жалпы эсеп менен алганда бир жылга жакын мээнетти жумшадык.

Эстеликте алдыга умтулган Кыргызстанды элестеткен философиялык ой жатат.

- Аны жасоодо жалгыз эмгектендиңизби? Кошумча адистерди тартып, эстеликти дал ушундай жасоо боюнча кеңешип көрдүңүзбү?

- Негизги эскизде өзүм иштедим. Ал эми бул эстелик көлөмдүү болгондуктан, ири долбоорлордун баарында жардамчысы, көмөкчүсү болот. Мага дагы 10го жакын скульпторлор жардам берди.

Анан эмгектин жаралышына ынтызар мен болгондуктан “кеңешип кескен бармак оорубайт” деп билим берген, жол көрсөткөн агайларымдан кеңеш алдым, айрым манасчылардын кебин уктум. Айтор, көптөгөн көз караштардын макулдугу менен ушул иш башталды.

- Манастын эстеликтеринде сакалы бар болуп, көпчүлүктүн эсинде калган эмеспи. Ал эми сиз жасаган эстеликте өзгөчөлүк бар. Ал эмнеден?

- Мен Манастын эстелигин жасоо учурунда жөн гана алып жасап койгон жокмун. Изденүү көп болду. Ар бир нерсени жасоо учурунда ага сүңгүп кирүү керек. Мен да ар бир эмгегимде чыгармаларды окуйм, талдайм, элестетем. Демек, эмгек жөн гана жаралбайт. Аны жан дүйнөңө батырган соң гана колуң ишке барат. Мен бул эстеликти Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде жасадым. Сакал-мурут жөнүндө сөз жок бул жерде. Мен фактыларга таянып гана жасадым.

Манастын жайын айтайын

Сөлөкөтү - сөлбөтү,

Атка минген келбети -

Майлаган буудай жүздөнгөн,

Күүгүм туман көздөнгөн,

Орто бойлуу, кең далы,

Жалаяк ооз, жар кабак,

Артык балбан, ары шер,

Таап алсаң жан жолдош.

- Мындай ири долбоорлордун канчоосун жасадыңыз? Манастын эстелиги канчанчы эмгек деп эсептесе болот?

- Эсептей келсем, дүйнө жүзүндө 15тен ашык өлкөлөрдө эмгектерим бар. Борбордук аянттагы Манас эстелиги канчанчы экендигин айтуу кыйын. Бирок ири долбоорлорумдун бири. Айкелдерден тышкары горельеф, бюсть жана башкаларды жасайм.

- Коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирлерге кандай көз караштасыз?

- Сын-пикир айтылып келген, айтыла берет. Бул кадимкидей көрүнүш. Алар менен жек-жаат болуп отурууну каалабайм. Балким, мен аял киши болгондугумдан, анан жаш скульптор катары бирөөлөрдүн уйкусун бузуп жаткандырмын. Аны айта албайм. Пикирлерге ачыкмын, колдоп жаткандарга ыраазычылык.

Тарыхка карай жол...

Аянт биринчи жолу 1984-жылы «Ленин аянты» деп аталып, Лениндин айкели менен белгилүү болгон. 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң аталышы өзгөрүп, "Ала‑Тоо" аянты аталып калды. Ортосундагы Манастын айкели өткөн тарыхтын баатырлыгы менен эгемендүүлүк идеясын бириктирип турат.

Лениндин айкели

Бишкек шаарындагы бобордук аянты 1984-жылы курулган маалда Лениндин чоң айкели орнотулган. Ал 2003-жылы аймактан алынып, азыр Тарых музейинин артындагы эски аянтка көчүрүлгөн.

Эркиндик айкели

2003-жылдан тарта Лениндин ордуна орнотулган, кыргыз элинин эркиндигин символдоштуруучу көзгө көрүнгөн аял фигурасы. Бирок коомчулукта сын-пикирлер көп болгон: түндүктү көтөргөн аял, кийим стили жана башка менен байланышкан сындар айтылган. Анын автору скульптор Тургунбай Сыдыков болду.

Манас баатырдын айкели

2011-жылы бул айкел мурдагы "Эркиндик" эстелигинин ордуна, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгынын урматына арналып орнотулган. Анын бийиктиги 17 метрди түзөт. Автору скульптор Базарбек Сыдыков.

Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан "Айкөл Манас" монументин реконструкциялоо иштери ушул жылдын январь айында башталган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: