Австралияда балдарга YouTube жана социалдык тармактарга тыюу салынды
Австралия өкмөтү 16 жашка чейинки балдар үчүн дүйнөдө биринчи жолу кабыл алынган социалдык медиа тыюусуна YouTube платформасын да кошту. Башында YouTube бул чектөөгө кошулбайт деп жарыяланган, бирок бул чечим кайрадан өзгөртүлдү.
Чет элдик басылмалардын жазышкандарына караганда, жаңы мыйзамга ылайык, TikTok, Instagram, Facebook, X жана Snapchat платформалары менен бирге YouTube да 16 жашка чейинкилер үчүн аккаунт ачууга тыюу салынган платформалардын катарына кошулат.
Балдар YouTube видеолорун көрө алышат, бирок видео жүктөй алышпайт жана платформа менен башкача ыкмаларда өз ара аракеттене албай калышат.
YouTube платформасына ээлик кылган Google компаниясы билдирүү жасап, YouTube балдарга "пайда жана баалуулук алып келет, аны социалдык медиа катары кароого болбойт" деп билдирди.
"Социалдык медиа балдарыбызга социалдык зыян алып келүүдө. Австралиялык ата-энелер билсин, биз алардын тарабындабыз",- деди Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе.
Австралиянын санарип коопсуздугу боюнча комиссары Жули Инман Грант өткөн айда YouTube’ду тыюу салынчу платформалардын катарына кошууну сунуштаган. Анын айтымында, 10-15 жаштагы балдар эң көп зыяндуу мазмундарга дал ушул платформадан туш болушат.
Айрым австралиялык басылмалардын жазышынча, Google YouTube’га тыюу салынса, өкмөттү сотко беребиз деп коркуткан. Компания бул кадамды "саясий эркиндиктерди чектейт" деп баалаган.
Жаңы мыйзам онлайн оюндарга, билдирүү жөнөтүү колдонмолоруна, билим берүү жана саламаттыкты сактоо платформаларына тиешеси жок. Анткени бул платформалар 16 жашка чейинкилерге азыраак зыян алып келет деп бааланууда.
Мыйзам боюнча, технологиялык компаниялар жаш курак чектөөлөрүн сактабаса, 50 миллион австралия долларына (32,5 миллион АКШ долларына) чейин айып пул төлөшү мүмкүн. Компаниялар жаштарга таандык учурдагы аккаунттарды өчүрүүгө, жаңы аккаунттарды ачууга жол бербөөгө жана системадагы боштуктарды жабууга милдеттүү.
Бул мыйзам кандайча ишке ашары боюнча кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.
