Орусияда эки жашар бала аңга түшүп кетип каза болду
Орусиянын Иркутск облусунун Усть-Кутский районундагы Улкан айылында эки жашар наристе кокусунан аңга түшүп кетип, каза болду. Окуя тууралуу Babr Mash Telegram каналы билдирди.
Бала ата-энеси жумушка алаксып кеткен учурда казылган аңга түшүп кеткен. Тургундар аны куткарууга аракет кылышкан, бирок балага аба жетпей калган.
Дарыгерлер наристенин өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, тилекке каршы, алардын аракетинен майнап чыккан эмес.
Иркутск шаарынын укук коргоо кызматкерлери жашы жете элек баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Каргашанын чоо-жайы такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.