АКШнын эркин сенатору Сенатка басым жасай турганын билдирди
АКШнын көз каранды эмес сенатору Берни Сандерс Газанын Израил тарабынан курчоодо калып, ачарчылыкка түртүлгөн абалына каршы чыгып, Израилге курал-жарак сатууга тыюу салуу боюнча Сенаттагы добуш берүүдө "басым жасайм" деп билдирди.
Сандерс Израилдин Газага жасаган чабуулдарын "коркунучтуу" деп сыпаттап, АКШ балдарды ачка калтырган өкмөттү колдобошу керектигин баса белгиледи.
"Газада ачарчылык уланып жаткан учурда Израилге курал сатууга тыюу салуу максатында добуш берүүгө түрткү болом",- деп жазды ал X социалдык тармагындагы баракчасында.
Мында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнө берилчү 675,7 миллион долларлык курал-жарак келишимине Сенатта добуш берүү каралары айтылган.
Сандерс билдиргендей, бул курал келишими АКШнын тышкы жардам мыйзамдарындагы талаптарга каршы келет. Ишенимдүү укук коргоо уюмдары бул курал-жарактардын Израил тарабынан мыйзамсыз колдонулуп, карапайым калктын өлүмүнө себеп болуп жатканын далилдешкен.
Мындан сырткары, Батыш жээктеги палестиналыктардын жерин басып алган израилдиктер жакынкы жылдарда жана акыркы айларда миңдеген палестиналыктарды жана 6 америкалыкты өлтүргөнү, бирок бул кылмыштар үчүн эч ким жоопко тартылбаганы да белгиленет.
"Израилдик аскерлер тамак-аш алууга аракет кылган жөнөкөй тургундарды атып жатышат, Батыш жээкте палестиналыктардын жерлерин тартып алышууда, ал эми Тель-Авивдин саясатынын кесепетинен Газада массалык ачарчылык өкүм сүрүүдө. АКШ бул зомбулукка шарт түзгөн куралдарды берүү менен муну колдоп жатканы туура эмес",- деп айтылат билдирүүнүн соңунда.
