2030-жылы кайсы кесиптер актуалдуу болору айтылды
Дүйнөлүк экономикалык форумдун (ДЭФ) маалыматы боюнча, 2030-жылга чейин санариптик жеткиликтүүлүк, жасалма интеллект жана автоматташтыруу дүйнөдөгү ишканалардын 60 пайызын өзгөртөт. Бул технологиялык адистерге болгон суроо-талаптын өсүшүнө алып келет. Өзгөчө жасалма интеллект, маалыматтар менен иштешүү жана киберкоопсуздук жаатындагы адистерге муктаждык өсөт.
Ошондой эле финансы технологиялары боюнча инженерлер 93 пайызга, жасалма интеллект жана машиналык окутуу боюнча адистер 82 пайызга өсөт. Жалпысынан технологияны колдонууга байланыштуу көндүмдөргө суроо-талап жогорулайт. 2030-жылга карата эң керектүү тармактарга төмөнкүлөр кирет: жасалма интеллект жана көлөмдүү маалыматтар менен иштөө, нейрондук тармактарды колдонуу жана киберкоопсуздук, ошондой эле технологиялык сабаттуулук.
ДЭФтин адистери 14 миллион кызматкерди иш менен камсыздаган 1000ден ашуун ири жумуш берүүчү компаниялар менен сурамжылоо жүргүзүшкөн. Алардан 2025–2030-жылдар аралыгында эмгек күчүн трансформациялоо үчүн кандай чаралар талап кылынары тууралуу пикир суралган.
Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, 2030-жылга чейин санариптик жеткиликтүүлүк, жасалма интеллект жана автоматташтыруу дүйнө жүзүндөгү ишканалардын 60 пайызын өзгөртөт. Бул тенденциялар кээ бир кесиптердин өсүшүнө, айрым адистиктердин таптакыр жоголушуна алып келери айтылууда.
Ошондой эле инженерлер жана техникалык багыттагы адистерге болгон суроо-талап туруктуу болбой турганы да айтылды. Жасалма интеллекттин тездик менен өнүгүп жаткан шартында алардын айрым көндүмдөрү тез эле эскирип калат, ал эми башкасы автоматташтырылат.
Дүйнөлүк экономикалык форумдун адистери белгилегендей, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү бойдон калуу үчүн бардык кесип ээлерин техника ээ боло албай турган көндүмдөрдү өнүктүрүүгө чакырды. Ага стресске туруктуулук, ийкемдүүлүк, ыкчам реакция жасай билүү, аналитикалык ой-жүгүртүү, эмпатия, уга билүү, лидерлик жана коомго таасир эте билүү жөндөмдөрү кирет.
