super.kg logo

Таиланд кайрадан Камбоджаны тынчтык келишимин бузду деп айыптады

 

Таиланддын Тышкы иштер министрлиги кайрадан Камбоджанын аскерлерин ок атууну токтотуу келишимин бузду деп айыптап, коңшу өлкөнү макулдашууну толук аткарууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда чет элдик абсылмалар жазышты.

"2025-жылдын 29-июль күнү кечинде Таиланд менен Камбоджа ортосунда ок атышууну токтотуу келишимине кол коюлгандан 24 саат өтпөй, камбоджалык күчтөр Фу Кхам аймагындагы (Сисакет провинциясы) тай аскерлерине ок атуучу курал жана гранаталар менен кол салышкан. Чабуулдар 30-июлдун таңына чейин уланган",- деп айтылат Таиланддын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Мекеме бул аракеттерди "Камбоджа тараптан ок атышууну токтотуу келишиминин бузулушу" деп атады жана Камбоджаны "тез арада бардык бузууларды токтотуп, келишимди толук аткарууга" чакырды.

Буга чейин, дүйшөмбү күнү Малайзиянын премьер-министринин ортомчулугу менен өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Таиланд жана Камбоджа ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан. АКШ жана Кытай байкоочу өлкөлөр катары катышкан. Келишим 28-июлда күчүнө кирген. Бирок андан кийин эле Таиланд армиясы Камбоджаны макулдашууну бузду деп айыптаган. Бүгүн, 30-июлда эки өлкөнүн армия өкүлдөрү ок атышууну токтотуу келишимин ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты.

Белгилей кетсек, Таиланд менен Камбоджанын куралдуу күчтөрүнүн кагылышуусу 24-июлда башталган. Кеминде 35 адам курман болгон. Кагылышуулар Тамоантхом, Тамоантауч жана Такрабей храмдарынын айланасындагы талаштуу аймактардан улам чыккан. Камбоджа июнь айында бул маселени БУУнун Эл аралык Сотуна өткөргөн, бирок Таиланд каршы чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: