Казакстанда аял эки баласын терезеден ыргытып, өзү да секирди
Казакстандын Павлодар шаарында аял көп кабаттуу үйдүн терезесинен эки баласын ыргытып жиберип, андан соң өзү да секирди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, окуя 30-июлда, саат 13:00 чамасында болгон. Жерине "Тез жардам" тобу жөнөтүлгөн. Эки бала олуттуу жаракаттар менен облустук балдар ооруканасына, ал эми аял оор абалда шаардык ооруканага жеткирилди. Анын кол-буттары сынган, баш сөөгүнөн жабык жаракат алган.
Павлодар облусундагы балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Сауле Шакенева жабыркаган балдардын бири 1,5 жашта, экинчиси 5 жашта экенин билдирди.
"Окуя болгон учурда батирде жабыркагандардан башка эч ким болгон эмес",- деди Шакенева.
Павлодар облусунун Саламаттыкты сактоо башкармалыгы жабыркагандар тууралуу маалымат берди. 1,5 жаштагы бала клиникалык өлүм абалында жеткирилип, дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы абдан оор. Үчүнчү даражадагы шок, баш сөөгүнүн көп сандагы сыныктары жана мээнин катуу жаракаты аныкталды.
5 жаштагы бала да башынан жабыркап, жамбаш сөөгү сынып, ички органдары жабыркаган. Ал да жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Учурда полиция окуяны кылдат иликтеп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, аял психикалык ден соолугу боюнча каттоодо турган. Бул факт боюнча балдардын апасына "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Өз жанын кыюу" беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.
