Балыкчыда милиция жаранды алдамчылыктан сактап калды (видео)
Балыкчы шаарында алдамчылык фактысы алдын алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июлда милицияга Балыкчы шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар башка уюлдук номурдан чалышып, өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери катары тааныштырышканын, андан соң анын атына 200 миң сом мыйзамсыз насыя алынып жатканын билдиришип, аны алдамчылыктан коргоп калуу шылтоосу менен жеке документтерин сүрөткө тартып, онлайн түрдө жөнөтүүгө мажбурлашканын айткан.
Натыйжада шылуундар жарандын атына коммерциялык банктардын биринен 200 миң сом өлчөмүндөгү кредит алууга онлайн өтүнүч жөнөтүшкөн. Арыз ээси милицияга убагында кайрылгандыктан, милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, алдамчылыкка бөгөт коюшкан.
Учурда тиешелүү тергөө иштери улантылып, шектүүлөрдү аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүрүүдө.
30.07.25.

