IBO-2025: Кыргызстандын окуучулары 2 коло медалга ээ болушту
20-27-июль күндөрү Филиппиндин Кесон шаарында өткөн XXXVI эл аралык биология олимпиадасында (International Biology Olympiad – IBO) Кыргызстандын улуттук командасы 2 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Агартуу министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын командасына Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн арасынан тандоо этабында жогору балл алган төмөндөгү 4 окуучу тандалган:
Дмитрий Рубан - “Сейтек STEM” мектебинин 10-классынын окуучусу;
Нурсултан Увалиев - Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу;
Айбике Базарбаева - United World International School мектебинин 12-классынын окуучусу;
Өмүрбек Русланбеков - Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.
Ал эми команданын жетекчиси Эльбрус Тажибаев болсо, IBO калыстар тобунун мүчөлөрү жана кураманын машыктыруучулары Даян Мэлисов менен Бактынур Ажыбаев болушту.
Жыйынтыгында Дмитрий Рубан менен Айбике Базарбаева коло медаль утуп алышты. Ал эми Айбике Базарбаева биология боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утуп алган Кыргызстандын алгачкы кыз болду.
