super.kg logo

Мальта сентябрда Палестина мамлекетин расмий тааныйт

 

Мальтанын премьер-министри Роберт Абела, өлкөсү 2025-жылдын сентябрь айында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы учурунда Палестина мамлекетин расмий түрдө тааный турганын жарыялады. Бул билдирүү Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин билдирүүсүнөн бир нече сааттан кийин жана Франциянын Палестинаны таануу боюнча пландары жарыялангандан кийин жасалды.

"Бул позициябыз - Жакынкы Чыгыштагы туруктуу тынчтыкка жетүү боюнча аракеттерге болгон берилгендигибизди чагылдырат",- деп жазды премьер-министр Абела өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Мальта өкмөтү буга чейин май айында, Палестинаны таануу ниетин билдирип, бул чечим БУУнун июнь айындагы жыйынында кабыл алынат деп жарыялаган. Бирок бул конференция кийинкиге жылдырылган болчу.

Өлкө Палестина маселесин көптөн бери колдоп жана эки мамлекеттүү чечимди жактап келет. Июлдун ортосунда, мальталык оңчул оппозиция да өкмөттү Палестинаны дароо таанууга чакырган.

Белгилей кетсек, быйыл май айында Исландия, Норвегия жана Испания да Палестинаны эгемендүү мамлекет катары тааныган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: