Индиядагы бейтаптан биринчи жолу жаңы кан тобу аныкталды
Түштүк Индиядагы Карнатака штатында дарыгерлер дүйнөдөгү биринчи жолу жаңы антигенге ээ уникалдуу кан тобун аныкташты. Бул Карнатакада 38 жаштагы бейтапка жүрөк операциясына даярдык көрүү учурунда аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Башында бейтапта O Rh+ кан тобу экени аныкталган. Бирок O-оң кан тобунун стандарттуу үлгүлөрүнүн бири да куюуга жарактуу болгон эмес.
Колар шаарындагы клиниканын хирургу Анкит Матурдун айтымында, дарыгерлер бейтаптын каны «панреактивдүү» экенин аныкташкан, башкача айтканда, бардык жеткиликтүү тесттик үлгүлөр менен шайкеш келбей койгон. Аялдын 20 тууганынын арасынан да ылайыктуу донор табылган эмес.
Акырында операция кан куйбастан ийгиликтүү өткөн, бирок бул өзгөчө клиникалык учур адистердин көңүлүн бурган. Кандын үлгүлөрү Улуу Британиянын Бристол шаарындагы Кан тобу боюнча эл аралык референттик лабораторияга жана Индиядагы Бангалор кан борборуна жөнөтүлгөн. Он айга созулган молекулалык изилдөөлөрдөн кийин окумуштуулар жаңы антигендин бар экенин тастыктап, ага CRIB деген ат беришкен. Бул сейрек кездешүүчү клиникалык учур быйыл, июнь айында Милан шаарында өткөн Кан куюу боюнча эл аралык коомдун (ISBT) 35-облустук конгрессинде сунушталган.
Индиянын медициналык изилдөөлөр кеңеши сейрек кездешкен кан топторунун донорлорунун реестрин түзө баштады. Бул реестрге CRIB антигенин алып жүрүшү мүмкүн болгон адамдар да киргизилет. Айрым адистер бул мутация Индиянын айрым аймактарында дагы деле кездешкен жакын туугандардын ортосундагы үйлөнүүлөрдөн улам пайда болушу мүмкүн деп эсептешет.
