Газада ачарчылыктан каза болгондордун саны айтылды
Палестинанын Газа секторундагы Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Газа тилкесинде ачарчылыктан каза болгондордун саны 154 адамга жетти. Алардын ичинен 89у балдар.
"Акыркы 24 саат ичинде Газа секторундагы ооруканада азык жетишсиздигинен каза болгон жети учур катталды. Муну менен ачарчылыктан курман болгондордун жалпы саны 154кө жетти, анын ичинен 89у балдар", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 20-июлда эл арасында ачарчылык күчөп, медициналык жардамдын жетишсиздигинен улам өлүм-житим кескин көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен.
Ушул жылдын 23-июлунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башчысы Тедрос Гебрейесус билдиргендей, уюм Газа секторунда тамак-аш жетишсиздигинен улам каза болгондордун саны кескин өскөнүн байкоодо.
Анын айтымында, быйыл ДСУ Газа секторунда беш жашка чейинки балдардын ачарчылыктан каза болгон 21 учурду каттаган.
Гебрейесус белгилегендей, Газа секторунда калктын 10 пайыздан ашыгы курч тамак-аш жетишсиздигинен жабыркап жатат. Изилдөөдөн өткөн кош бойлуу жана балалуу аялдардын 20 пайыздан ашыгы ар түрдүү деңгээлдеги тамактануу көйгөйлөрүнө дуушар болушкан. Ал мындан тышкары ачарчылык кризиси гуманитардык жардамдын жеткирүүсү токтотулганы жана ага жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгени үчүн ого бетер курчуп жатканын айтты.
Ишемби күнү Израил өкмөтү Газа секторуна аба аркылуу гуманитардык жардам жеткирүүнү кайра жандандыруу чечимин кабыл алды. Ошондой эле, БУУнун унаа кербендери аркылуу Газанын тургундарына тамак-аш жана дары-дармек жеткирүү үчүн гуманитардык коридорлорду түзүү боюнча айтылган.
Дүйшөмбү күнү Израил өкмөтүнүн палестин аймактарындагы иштер боюнча координаторунун кеңсеси (COGAT) 300дөн ашык гуманитардык жүк ташуучу унаа Газа секторуна жеткенин маалымдады. Алардын жарымынан көбү азырынча БУУ тарабынан кабыл алынып, бөлүштүрүлө элек.
Ал эми шейшемби күнү Газанын бийлиги Израилди гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүнө атайылап тоскоол болуп жатат деп айыптады.
Анда жардам жүктөлгөн 109 жүк ташуучу унаанын көбү Израил тараптан көзөмөл болбогондуктан талап-тоноого учураганы, ал эми абадан түшүрүлгөн төрт гуманитардык жүк салгылашуулар жүрүп жаткан аймактарга ташталганын белгилешти.

