super.kg logo

АКШ Иранга каршы эң ири санкциялар пакетин киргизди

 

АКШнын Каржы министрлиги Дональд Трамптын администрациясы Иранга каршы эң ири санкциялар пакетин киргизгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жаңы санкциялар 50дөн ашуун жеке жана юридикалык жактарга киргизилди. Алар Ирандын жогорку лидери Али Шамханинин кеңешчиси болгон Мохаммед Хоссейн Шамхани жана анын уулу менен байланыштуу.

АКШнын каржы министри Скотт Бессенттин айтымында, бул чаралар Вашингтондун кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, ошол эле учурда АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан Тегерандын элиталарына багытталган.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади Батыш өлкөлөрү санкцияларды кайра жандантса, Тегеран сөзсүз жооп кайтарарын айткан. Анын айтымында, Иран Ядролук куралдарды жайылтууга каршы келишимден чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: