NASA: АКШ жакынкы үч жарым жыл ичинде Айга конууну пландап жатат
АКШ Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин, тактап айтканда, үч жарым жыл ичинде Айга астронавттарды жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу NASA'нын директорунун милдетин аткаруучу, транспорт министри Шон Даффи билдирди.
"Кийинки жылы биз Айга кайтып барабыз, конбойбуз, Айды айланып өтөбүз. Анан болжол менен бир жылдан кийин кайра конобуз. Бул Дональд Трамп мамлекет башчысы болуп турган учурда болот. Андан соң биз Айда база куруп, ошол жерде калабыз, ал жерден алган билим Марска жетүүгө жардам берет",- деди ал Fox News телеканалына берген маегинде.
2019-жылдын жазында NASA Artemis программасын жарыялаган, ал үч этаптан турат. Биринчи этап — экипажсыз Orion кемесинин Айды айланып өтүп, кайра Жерге кайтуусу. Бул учуу 2022-жылдын 16-ноябрынан 11-декабрга чейин болду. Экинчи этап — экипаж менен Айды айланып өтүү. Үчүнчү этапта NASA астронавттарды Айга кондурууну жана андан кийин Марска учууну пландоодо.
Башында Artemis II жана Artemis III 2022 жана 2024-жылдары болмок, бирок мөөнөттөр бир нече жолу жылдырылып, өткөн жылы декабрда NASA аларды 2026-жылдын апрели жана 2027-жылдын орто ченинде деп өзгөрттү.
