Харрис Байдендин ден соолугу боюнча Конгресске көрсөтмө берет
АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин ден соолугу боюнча көрсөтмө берүү үчүн мурдагы вице-президент Камала Харрис Конгресске чакырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын байкоо жана мамлекеттик реформалар боюнча комитетинин төрагасы Жеймс Комер Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.
"Камала Харристин Калифорния губернаторлугуна шайлоого катышуудан баш тартканы жакшы болду. Эми анын Өкүлдөр палатасынын байкоо комитетине келип, Байдендин когнитивдик (акыл-эс) жөндөмүнүн төмөндөшү тууралуу көрсөтмө берүүгө убактысы көбүрөөк болот",- деди Комер.
Эске салсак, быйыл июнь айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы өлкө башчысы Байденге карата расмий иликтөө башталганын жарыялаган. Трамптын айтымында, Байдендин жардамчылары автограф коюучу автоматтык калем аркылуу президенттик буйруктарга жана документтерге кол коюп келишкен. Ошол себептен Трамп Байден кол койгон 2,5 миңге жакын адамга берилген ырайымды мыйзамдуу эмес деп эсептей турганын билдирген.
