super.kg logo

Газадагы ачкачылыктан каза болгондордун саны 154кө жетти

 

Газа тилкесиндеги блокададан улам тамак-аш жетишсиздигинен каза болгондордун жалпы саны 154 кишиге жетти, алардын 89у балдар. Бул тууралуу кечээ, 30-июлда Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Акыркы 24 сааттын ичинде Газа тилкесиндеги ооруканаларда ачарчылыктан жана жетишсиз тамактануудан каза болгон жети жаңы учур катталып, алардын жалпы саны 154кө жетти. Анын ичинен 89у жаш балдар",- деп белгиленген маалыматта.

Мекеме акыркы суткада медициналык мекемелерге 104 жабырлануучу жана 399 жарадар түшкөнүн билдирди.

2023-жылдын 7-октябрынан, башкача айтканда, Израиль менен кагылышуу башталгандан бери каза болгондордун саны 60 миң 138 адамга жетип, 146 миң 269 адам жарадар болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: