АКШ Сенатында Израилге курал сатууну тыйган мыйзамды колдогондор көп болду
АКШ Сенатында Израилге курал сатууга бөгөт коюуну караган эки мыйзам долбоору боюнча добуш берүү өтүп, көп сандагы демократ сенаторлор "ооба" деп добуш берип, Израилге каршы позицияны тандашканы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул эки мыйзам долбоорун АКШнын Вермонт штатынан шайланган көз карандысыз сенатор Берни Сандерс сунуштаган. Сунуш кечкисин Сенаттын жалпы жыйынында талкууланды.
Сенаторлор биринчи болуп Израилге 675 миллион доллардан ашык суммага курал сатууга тоскоол болууну көздөгөн мыйзам долбоорун карап, ага 27 сенатор "ооба", ал эми 70 сенатор "жок" деп добуш берип, аны четке кагышты.
Андан кийин добуш берүүгө коюлган, Израилге миңдеген автоматтык чабуул куралдарын сатууга тыюу салууну камтыган экинчи мыйзам долбоору да 24 "ооба" жана 73 "жок" добуш менен четке кагылды.
Берни Сандерс сунуштаган бул эки мыйзам долбоору кабыл алынбай калганына карабай, 20дан ашык демократ сенатордун Израилге курал сатууну колдобогон позицияда болушу АКШ Конгрессинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга карата мурдагыдай "чексиз колдоо" азыраак болуп баратканын көрсөтөт деген пикир айтылды.
АКШнын маалымат каражаттарында бул окуяга байланыштуу комментарийлерде, акыркы ондогон жылдарда биринчи жолу мынчалык көп сенатор Израилге каршы добуш бергендиги баса белгиленди.
