super.kg logo

Францияда Газадан келген студент окуу жайдан чыгарылды

 

Франциянын Лилль шаарындагы Саясий изилдөөлөр институту (Sciences Po) Газа секторунан келген студент кызды антисемиттик билдирүүлөрү үчүн окууга кабыл алуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жай өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Студенттин окуусу быйыл сентябрда башталмак.

"Жогорку билим берүү министри, аймактык билим берүү бөлүмү жана префектура менен кеңешкенден кийин, Лиллдеги Sciences Po институтунун жетекчилиги бул студентти окууга кабыл алуу чечимин жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алды",- деп жазылат билдирүүдө.

Институттун маалыматына караганда, RMC радиостанция анын кабыл алынышы тууралуу репортаж чыгаргандан кийин, жетекчилик акыркы эки жылда студенттин социалдык тармактардагы билдирүүлөрүн карап чыгып, антисемиттик мүнөздөгү сөздөрдү аныктаган. Бул билдирүүлөр институттун баалуулуктарына каршы келери аныкталган.

Франциянын ички иштер министри Брюно Ретайо студенттин айткандарын "кабыл алынгыс жана кооптонууну жараткан билдирүүлөр" деп сыпаттап, анын социалдык тармактагы аккаунтун дароо жабууну жана териштирүү иштерин баштоону буйруду. Министрдин айтымында, ХАМАС уюмун пропагандалаган адамдарга Францияда орун жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: