АКШда энергетикалык суусундуктун идиштерине алкоголдук ичимдиктер куюлуп калган
АКШнын Тамак-аш жана дары-дармек башкармалыгы (FDA) Celsius брендинин айрым энергетикалык суусундуктарына жаңылыштык менен алкоголдук ичимдик куюлганын жарыялап, керектөөчүлөргө эскертүү берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, эскертүү Astro Vibe Sparkling Blue Razz деп аталган өзгөчө сериядагы банкаларга тиешелүү. Билдирүүгө ылайык, таңгактоочу компания бош Celsius банкаларын катачылык менен High Noon компаниясына жөнөткөн. Бул компания алкоголь суусундуктарын чыгарат.
High Noon бул банкаларды катаал көзөмөлсүз колдонуп, аларга алкогодук ичимдиктерди куюп, таңгактаган.
Компания ошол эле өндүрүш линиясы аркылуу чыккан айрым Beach Variety таңгактарын да кайра артка кайтарып жатканы маалымдалды. Азырынча бул суусундуктардан улам ден соолукка зыян келтирген учурлар каттала элек.
Бул суусундуктар 21-23-июль күндөрү Флорида, Нью-Йорк, Огайо, Түштүк Каролина, Вирджиния жана Висконсин штаттарындагы дүкөндөргө жеткирилген.
"Көрсөтүлгөн лот коддору бар Celsius Astro Vibe суусундуктары колдонулбашы керек жана жок кылынууга тийиш",- деп жазган мекеме өз билдирүүсүндө.
