Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет
Кечээ, 30-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери ортосунда жигердүү сүйлөшүүлөр болду. Тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун бардык спектрин талкуулашып, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышты. Ошондой эле тиешелүү Жол картасында чагылдырылган биздин өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.
Министрлер саясий диалогдун ырааттуу деңгээлин жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын динамикасын канааттануу менен белгилешти. Алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого эки тараптын ниетин ырасташып, кыргыз-өзбек мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Тараптар эл аралык жана аймактык уюмдарда, анын ичинде БУУ, КМШ, ШКУ, ТМУ, ИКУ жана башкаларда кызматташууну талкуулашты. Бул түзүмдөрдөгү кызматташуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн негизги элементи бойдон калаары белгиленди.
Тышкы саясат мекемелеринин жетекчилери негизги аймактык жана глобалдык көйгөйлөргө мамилени координациялоону улантууга даяр экендиктерин ырасташты. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин 2025-2026-жылдарга кабыл алынган кызматташуу программасында жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча иш-аракеттер планында “Жол картасында” белгиленген конкреттүү биргелешкен чараларды бекитишти.

