super.kg logo

2 500 жылдык байыркы пирамида урады

 

Мексиканын Мичоакан штатында жайгашкан 2 500 жылдык байыркы пирамида 29-июлда түндө жааган катуу жаандан улам урап түштү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, бийиктиги болжол менен 15 метр болгон бул төрт бурчтуу курулуштун түштүк дубалы тынымсыз жааган жаандын басымына чыдабай, толугу менен урап калды.

Бул пирамида Иуацио археологиялык аймагында жайгашып, Пурепеча падышалыгынын эң жакшы сакталып калган эстеликтеринин бири болуп эсептелчү. Пурепеча цивилизациясы тарыхта Ацтектер жеңе албаган жалгыз империя катары таанылган. Алардын маданияты бүгүнкү күндө да жашоосун улантып келет.

Мексиканын Улуттук антропология жана тарых институту (INAH) бул урап түшүүнү акыркы мезгилдеги климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштырды.

"Аймактагы жогорку температуралардан кийин башталган кургакчылык курулуштун ичинде суу кирүүгө себеп болгон жаракалардын пайда болушуна алып келди. Бул болсо урап түшүүгө түрткү болду",- деп билдирүү таратты мекеме.

Текшерүүлөрдө пирамидада 6 түрдүү баскыч, тышкы дубал, негизги өзөк жана тирөөч дубалдар да олуттуу жабыркаганы аныкталган. Ал эми Иуациодогу башка пирамида азырынча сакталып турат.

Буга чейин Европада жана Мексикада өткөрүлгөн илимий изилдөөлөр жаандын көбөйүшү сыяктуу факторлор байыркы курулуштар үчүн чоң кооптуулук жаратарын далилдеген. Ошондой эле Океаниядагы үңкүр сүрөттөрү да ыкчам бузулуп жатканы кабарланган.

INAH өкүлдөрү азыркы учурда эң башкы максат - пирамидага конструкциялык оңдоо иштерин жүргүзүү экенин белгилешти.

"Бул курулуш мексикалыктардын маданий мурасы. Аны сактап калуу - жалпы адамзаттын милдети",- деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: