Америкалыктар Илон Масксыз үчүнчү саясий партиянын түзүлүшүн каалашат
АКШ жарандарынын көпчүлүгү Демократиялык жана Республикалык партиялардан тышкары үчүнчү ири саясий партиянын пайда болушун колдошмок, бирок ага миллиардер Илон Масктын катышуусун каалашпайт. Бул тууралуу Fox News телеканалынын жүргүзгөн сурамжылоосунда белгилүү болду.
Сурамжылоого катышкандардын 53 пайызы АКШда үчүнчү таасирдүү партиянын пайда болушун колдошсо, 42 пайызы каршы чыгышкан. Ал эми катышуучулардын 22 пайызы гана Маск жетектеген жаңы партиянын түзүлүшүн колдоого даяр экенин билдиришсе, 75 пайызы Масктын жаңы партия түзүшүнө терс баа беришкен.
Fox News белгилегендей, америкалыктардын жаңы чоң партияны түзүүнү колдоого даярдыгы шайлоочулардын республикачылардан да, демократтардан да көңүлү калгандыгына байланыштуу. Сурамжылоого катышкандардын 64 пайызы Демократиялык партиянын Кошмо Штаттардын алдында турган көйгөйлөрдү чечүү боюнча так планы жок деген пикирге кошулган. 54 пайызы республикачылар жөнүндө ушундай ойдо.
Сурамжылоо 18-21-июль күндөрү жүргүзүлгөн. Ага 1000 америкалык катышкан.
Эске салсак, 5-июлда Маск АКШда Америка партиясы түзүлгөнүн жарыялаган.
