super.kg logo
  Спорт  

U-17: Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча 4 медалга ээ болушту

 

Кыргызстандык балбандар Грецияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде 4 медаль жеңип алышты.

Турнир 28-30-июль күндөрү Афина шаарында өтүп, анда 17 жашка чейинки спортчулар күч сынашты. Жалпы 10 салмак категориясында медалдар ойнотулуп, Кыргызстандан 9 спортчу катышты.

Алардын арасынан Алхам Абдирасулов 55 килограмм салмак категориясында 1-орунга ээ болуп, Дүйнө чемпиону аталды. Беттеште Абдирасулов Иран, Венгрия, Кытай, Индия жана Казакстандан келген балбандарды жеңди.

Ал эми Нуркерим Кумарбеков 45 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыкса, Амангелди Ысакбаев 60 килограмм салмак ченинде оюн көрсөттү. Эки балбан тең финалга чыгып, күмүш медалдын ээлери болушту.

Нурислам Өскөнбаев болсо 80 килограмм салмак категориясында 3-орунду багындырды. 51 килограмм салмак менен килемге чыккан балбан Ислам Курбанов коло үчүн күрөштө жеңилип, 5-орунду алды.

Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы 100 упай топтоп, 44 өлкөнүн ичинен 4-орунду ээледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: