Олимпиаданын эки жолку чемпиону Лаура Дальмайер Пакистандын тоосунда каза болду
Биатлон боюнча олимпиаданын эки жолку, дүйнөнүн жети жолку чемпиону, германиялык Лаура Дальмайер Пакистандын Каракорам тоолорунда кырсыкка кабылды. Спортчу таш көчкүсүнүн алдында калып каза болгонунун чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя болгон жерге жетүүгө мүмкүн болбогондуктан куткаруучулар жардам бере алган эмес.
"Тажрыйбалуу жана сертификаты бар альпинистти 28-июль күнү түшкө маал 5700 метр бийиктикте таш кулап, басып калган. Бирок жолдун катаалдыгынан куткаруучу учак бир күнгө кеч барды. Дальмайердин өлүмү кечээ, 30-июлда тастыкталды",- деп айтылат маалыматта.
Спортчунун өлүмүнөн кийин дүйнөнүн ар тарабынан көңүл айтуулар келип түштү. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Лауранын ата-энесине көңүл айтып, аны "өзгөчө спортчу" деп атады.
Лаура Дальмайер 2018-жылы Пхёнчханда өткөн Олимп оюндарында эки алтын медаль утуп алган тарыхтагы биринчи биатлончу болуп калды.
