super.kg logo

Эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизилет

 

Эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим аталган мекеменин башчысы Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.

Мамлекеттик көзөмөлдөөнүн максаты - эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан кирип-чыгышын көзөмөлдөө, малды экспорттоого сандык чектөө киргизүү экени кошумчаланды.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жана анализ жүргүзүп туруу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлүп, министрликке караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлердин ветеринардык-санитардык көзөмөлүн күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчилик менен күрөшүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: