U-17: Бүгүн Кыргызстандын атынан беш балбан кыз беттеш өткөрөт
Бүгүн, 31-июлда Грециянын Афины шаарында өтүп жаткан 17 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө биринчилигинин (U-17) төртүнчү күнү кыздар арасында таймаштар болот. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Кыргызстандын атынан беш балбан кыз таймашка чыгат. Алар Асема Асангараева (40 килограмм), Аяна Ниязбекова (46 килограмм), Бактыгүл Жуманазарова (53 килограмм), Акылай Чыныбаева (61 килограмм), Аяна Асмаликова (69 килограмм).
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да башталат.
Ошондой эле кечээ күрөшкө чыккан спортчулардын жубатуучу жана финалдык таймаштары да бүгүн өтөт. 49 килограмм салмак категориясында кыргызстандык балбан кыз Азема Калидинова жубатуучу беттешке чыгат. Ал грециялык балбан кыз Димитра Скоуваки менен күрөшөт. Эгерде Калидинова бул таймашта жеңишке жетишсе, анда ал коло байге үчүн орусиялык Полина Бочкарева менен килем үстүнө чыгат.
