Артыкчылыктар бар... АКШда мигранттарды депортациялоо үчүн кызматкерлер алынат
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөдөгү мыйзамсыз мигранттарды массалык түрдө чыгаруу (депортациялоо) саясатын кеңейтүү үчүн Иммиграция жана бажы кызматына (ICE) 10 миң жаңы кызматкер алуу боюнча кеңири масштабдуу кампанияны баштады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, кызматкерлерге 50 миң долларга чейин сый акы, кошумча эмгек акы, насыядан кечүү өңдүү артыкчылыктар сунушталууда.
Кампанияны жарнамалоо үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштагы аскер чакыруу плакаттарын эске салган үгүт сүрөттөрү колдонулууда. Плакаттарда "Америка сени чакырууда" жана "Мекенди корго" деген сыяктуу ураандар менен катар Трамптын жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин сүрөттөрү жайгаштырылган.
"Өлкөбүз тарыхый бурулушта турат. Биз сиздин жөндөмүңүзгө, тажрыйбаңызга жана кайраттуулугуңузга муктажбыз",- деди АКШнын Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм.
Трамп ушул айда кол койгон салык жеңилдиктери жана чыгымдар тууралуу мыйзам пакетинин алкагында ICE үчүн алдыдагы беш жылга жалпысынан 76,5 миллиард доллар бөлүндү. Бул каражаттын:
- 45 миллиард доллары - кармоо борборлорунун кубаттуулугун жогорулатууга,
- 30 миллиард доллары - 10 миңге жаңы кызматкерди жумушка алууга жумшалат.
Максат - жылына 1 миллион адамды депортация кылууга жетиштүү кадр ресурстарын түзүү.
Жаңы кызматкерлер өлкө ичинде жашап жаткан, бирок мыйзамдуу жашоо укугу жок делген адамдарды кармап, өлкөдөн чыгаруу милдетин аткарышат.
ICE агенттери буга чейин сот залдарында, көчөлөрдө жана ишканаларда беткапчан рейд өткөрүп, кармоолорду жасаганы үчүн адам укугун коргоочулар тарабынан катуу сынга кабылып келген.
ICE`тин мурдагы кадрлар боюнча жетекчиси Жейсон Хоузер мындай ыкчам кеңейүү сапатка терс таасир тийгизиши мүмкүн деп кооптонууда.
"Кадимки нормадан ашыкча ылдамдыкта жумушка алуу, кызматкерлердин даярдыгы жана сапаты боюнча стандарттардын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн",- дейт ал.
Хоузер 2000-жылдары Чек ара кызматы да дал ушундай ыкчам кеңейип, көзөмөлдүн жетишсиздигинен улам кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу көбөйгөнүн эске салды. Ал кошумчалагандай, ICE`ке карата көзөмөл механизмдери акыркы мезгилде алсырап кеткен.
Ошондой эле ал 10 миң адамды жумушка кабыл алуу процессинин өзү 3-4 жылга созулушу мүмкүн экенин, бул аралыкта ICE жеке күзөт фирмалары жана Улуттук гвардия өңдүү тышкы күчтөрдү тартууга мажбур болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Трамптын администрациясы бул жаңы план менен күнүнө 3 миң адамды депортация кылууну максат кылууда. Бирок бул максат адам укуктарынын бузулушу, мекемелик этика стандарттарынын төмөндөшү сыяктуу терс кесепеттерди жаратышы мүмкүн экени тууралуу сын-пикирлер күчөөдө.
