super.kg logo

СССРдин күбөлүгү менен жүргөн жаран биринчи жолу Кыргызстандын паспортун алды

 

Акыйкатчы институтунун көмөгү астында СССРдин күбөлүгү менен жүргөн Бишкек шаарынын тургуну биринчи жолу Кыргыз паспортун алды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда аталган мекемеден билдиришти.

Мекемеден маалымдалгандай, акыйкатчыга Орусиянын жараны Ч.Т. Бишкекте жашаган өзүнүн 58 жаштагы эжеси И.С.га паспорт алууга көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп кайрылган. И.С. учурда республикалык психиатрия жана наркология борборунда дарыланып жатат. Ал төрөлгөн күндөн бери Бишкек шаарында жашайт. Буга чейин ал мурдагы советтик үлгүдөгү паспортун жетиштүү деп эсептеп, жаңысын алууга аракет кылган эмес.

2010-жылы аял психикалык жактан жабыркай турганы аныкталган. Паспорту жок болгондуктан ага майыптыгы боюнча пенсия дайындалбай келген жана психоневрологиялык стационарга жаткырылбай, туруктуу медициналык жардам ала албай жүргөн.

И.С. ден соолугуна байланыштуу өзү документтерди топтой албай, анын ордуна Октябрь районунун калкты тейлөө борборуна (ЦОН) бир тууганы Ч.Т. кайрылган. Анын айтымында, ал жердеги кызматкерлер орой мамиле жасап, оорулуу адамдын өзү келип, сүрөткө түшүп, биометрикалык маалымат бериш керектигин талап кылышкан.

Ч.Т. оорулуу эжесинин стационарда экенин түшүндүргөнүнө карабастан, бул жагдай эске алынбай, көчмө кызмат көрсөтүү өтүнүчү четке кагылган. Бул боюнча Акыйкатчы институту "Кызмат" мамлекеттик мекемесине расмий кат жөнөткөн. Катта психоневрологиялык мекемелерде дарыланып жаткан же жашап жаткан жарандар өзгөчө аярлуу катмардагы адамдар болуп эсептелгендиктен, документтерин калыбына келтирүүдө жардамга муктаж экени баса белгиленген.

Акыйкатчы институтунун кайрылуусунун негизинде жарандыкты аныктоо боюнча комиссия жыйын өткөрүп, И.С. өлкөнүн жараны катары таанылды. Ага 17-июлда шашылыш түрдө ID-карта (паспорт) берилди. Паспорт алган күнү эле аялга майыптык дайындалып, Токмок шаарындагы психоневрологиялык интернатка стационардык дарыланууга жолдомо берилди.

Учурда Акыйкатчы институту дагы үч улгайган жаранга өздүк документин алып берүүдө жардам көрсөтүп жатат. Алардын бири Бишкек шаарынын 1964-жылы туулган тургуну болсо, экинчиси мурда соттолгон 1963-жылы туулган К.С. экени белгилүү болуп, экөө тең ар кандай себептерден улам СССРдин паспортун алмаштырган эмес.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун тургуну, 1951-жылы туулган Б.Л. аттуу аялга дагы жардам көрсөтүлүүдө. Анын паспорту мурда күйөөсү тарабынан бир ирет айрылып, кийин өрт учурунда күйүп кеткен.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: