super.kg logo

UFC'ден кеткен Жон Жонс кайра сотко чакырылды

 

Атактуу америкалык мушкер, UFC'нин оор жана жарым оор салмактагы мурдагы чемпиону Жон Жонс унаа кырсыгына байланыштуу сот алдында жооп берет. Бул тууралуу MMA боюнча инсайдер Дэймон Мартин кабарлады.

Маалыматка ылайык, UFC тарыхындагы эң мыкты мушкерлердин бири саналган Жонс 17-июнда Нью-Мексико штатындагы Альбукерке шаарында болгон жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерден качып кеткен деп шектелүүдө. Анын иши боюнча эки өзүнчө сот отуруму дайындалды.

Жон Жонстун адвокаты экинчи жолу коюлган айыптарды четтетүү өтүнүчүн берип, бирок сот бул өтүнүч боюнча азыркыга чейин чечим чыгарган эмес. Инсайдердин маалыматына караганда, жакында ага кошумча айып да коюлушу мүмкүн.

Эске салсак, 2024-жылдын 22-июнунда 37 жаштагы Жон Жонс профессионалдык карьерасын расмий түрдө аяктаганын жарыялаган. Анын чемпиондук куру британиялык мушкер Том Аспиналга өткөн.

Маалымат үчүн: Жон Жонс 1987-жылы 19-июлда Нью-Йорк штатындагы Рочестер шаарында туулган. ММА карьерасын 2008-жылы баштап, UFC'де эки салмак категориясында чемпион болгон:

  • Жарым оор салмак (2011–2015, 2018–2020)
  • Оор салмак (2023–2025)

2011-жылы болгону 23 жашында UFC тарыхындагы эң жаш чемпион болгон.

Ийгиликтери:
Жонс сегиз ирет чемпиондук курун коргогон. Анын атаандаштарынын арасында:

  • Маурисио "Шогун" Руа
  • Куинтон Жексон
  • Лиото Мачида
  • Рашад Эванс
  • Витор Белфорт
  • Чейл Соннен
  • Александр Густафссон
  • Гловер Тейшейра
  • Даниэль Кормье бар.

2023-жылы мартта, UFC 285 турниринде оор салмактагы дебютунда Сирил Ганды муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпион болгон. 2024-жылдын ноябрында, UFC 309'да Стипе Миочичти нокаут менен утуп, курун ийгиликтүү коргогон.

Жон Жонс көп жолу талаштуу жагдайларга кабылган:

  • 2015-жылы жол кырсыгынан кийин качып кеткендиктен чемпиондуктан ажыратылган.
  • 2016 жана 2017-жылдары допинг тести оң жыйынтык берип, эки ирет курунан ажыраган.
  • 2017-жылкы Кормьеге каршы жеңиши жараксыз деп табылган.

Ал эми 2025-жылы дагы бир жолу жол кырсыгынан качып кеткен деп шектелип, бул окуя анын карьерасын токтотууга түрткү болгону айтылууда.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов Жон Жонсту UFC тарыхындагы эң улуу мушкер деп атаган. Ал эми кыргызстандык спортчу Самат Абдрахманов Жон Жонстун жөнөкөйлүгүн жана адамгерчилигин баалап, ага кыргыз калпагын, чепкен жана камчы тартуу кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: