Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн шарттарын атады
АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн өлкөгө кол салбай турганына кепилдик берип, келтирилген зыянды төлөшү керек. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Аракчи Тегеран өз позициясын катаалдаштырып, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы менен ядролук сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн жаңы шарттарды коюп жатканын айтты.
"АКШ эмне үчүн бизге сүйлөшүүлөрдүн эң кызуу учурунда кол салганын түшүндүрүп, мындай кол салуу кайталанбайт деген кепилдик бериши керек. Ошондой эле келтирилген зыянды төлөшү зарыл",- деди Аракчи.
Иран менен АКШ Оманда делегациялык сүйлөшүүлөрдүн беш айлампасын өткөрүшкөн, ал эми алтынчы айлампа 15-июнда өтүшү керек болчу. Бирок Тегеран менен Тель-Авивдин ортосунда чыккан аскердик кагылышуунун улам болбой калган.
Кагылышуунун башталышынын негизги себеби - Ирандын жашыруун аскердик-ядролук программа түзүп жатканы деп эсептелет. Бирок аталган өлкөнүн өкүлдөрү жашыруун аскердик-ядролук программа түзүү боюнча айыптоолорду четке кагып, Тегеран сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин, бирок АКШ тараптан алдын ала шарттар коюлбашы керектигин белгилешет. Иран АКШнын уран байытууну толугу менен токтотууну талап кылганына каршы экенин билдирүүдө.
