Сауд Арабиясында адамдар отурган аттракцион кулап кетти (видео)
Сауд Арабиясында адамдар отурган аттракцион кулап кетти. Бул тууралуу видео соцтармакка тарады.
Маалым болгондой, окуя Таиф шаарындагы Green Mountain паркында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан 23 адам жаракат алган, үчөөнүн абалы оор. "360 градус" аттракциону ичиндеги адамдары менен кулап түшкөн. Окуяга күбө болгондордун айтымында, анда отургандардын бири бир нече метрге ыргып кеткен.
Окуянын расмий себептери азырынча тактала элек.
31.07
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:50
2025-08-01
13:39
2025-08-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.