super.kg logo

Байсалов Салттуу музыканын эл аралык кеңешинин президентин кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалынын алдында Салттуу музыканын эл аралык кеңешинин президенти Тан Суи Бенгди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушууга Түрксойдун мурдагы башкы катчысы Дүйсен Касеинов жана фестивалдын уюштуруучусу Роза Аманова да катышты.

Белгилей кетсек, “Рух Санат” салттуу маданият жана музыка фестивалы 1-3-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Салттуу музыканын эл аралык кеңешинин алкагында мындан аркы кызматташуунун келечеги, анын ичинде салттуу музыканы изилдөө, сактоо жана жайылтууга багытталган биргелешкен маданий программаларды, академиялык алмашууларды жана экспедицияларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар “Рух Санат” фестивалы маданий дипломатиянын жаңы мейкиндиктерин ачып, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту тереңдетип, Кыргызстандын жана бүтүндөй аймактын бай музыкалык мурасына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бура турганына ишене турганын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: