Кытайда 18-кабаттан кулаган үч жаштагы бала аман калды
Кытайда 18-кабаттан кулаган үч жаштагы бала аман калды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, окуя учурунда бала чоң энеси менен чоң атасынын көзөмөлүндө болгон. Бала уктап жаткан учурда алар азык-түлүк алуу үчүн батирдин эшигин жаап, сыртка чыгышкан. Көп өтпөй бала ойгонуп, терезеден кулап кеткен.
Баланын атасынын айтымында, наристе дарактын үстүнө кулап, аман калган. Кырсыктан улам баланын колу, омурткасы сынып, ички органдары жабыркаган.
Ал эми баланын тирүү калышына себепчи болгон даракты жабырлануучунун атасы кытай маданиятындагы урмат жана майрамдын символу болгон кызыл гүл менен кооздогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:50
2025-08-01
13:39
2025-08-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.