Microsoft: Жасалма интеллект айрым кесиптерди жок кылуу коркунучу бар

Жасалма интеллект (ЖИ) акыл-эс менен байланышкан жумуштарга активдүү аралашып, кээ бир кесиптерди автоматташтыруу аркылуу өзгөртүп жатат. Бул тууралуу Microsoft компаниясы жарыялаган акыркы изилдөөдө айтылат.
ЖИ көбүнчө маалыматтарды иштетүү, баарлашуу жана кайталануучу чыгармачылык жумуштар менен алектенген адистерди алмаштыра алат. Себеби ал белгилүү шаблон менен ылдам жана так иштөөгө жөндөмдүү.
ЖИ айынан жок болуу ыктымалдыгы жогору болгон кесиптердин тизмеси:
- Котормочулар жана синхрондук котормочулар;
- Тарыхчылар;
- Борт коштоочулар;
- Тейлөө тармагындагы сатуучулар;
- Жазуучулар жана авторлор;
- Кардарларды тейлөө адистери;
- Санарип станок операторлору;
- Телефон операторлору;
- Билеттерди сатуу жана туризм кызматкерлери;
- Радио алып баруучулар жана дикторлор;
- Брокер жардамчылары;
- Үй чарбасын үйрөтүүчү окутуучулар;
- Телемаркетологдор;
- Консьерждер;
- Саясат таануучулар;
- Журналисттер, кабарчылар, репортёрлор;
- Математиктер;
- Текст редакторлору жана корректорлор;
- Хост жана хостесстер;
- PR адистери (коомчулук менен байланыш);
- Жарнама агенттери жана промоутерлер;
- Эсеп ачуу кызматкерлери;
- Маалымат талдоочулар жана статистикалык ассистенттер;
- Финансылык кеңешчилер;
- Архивчилер;
- Экономика окутуучулары (ЖОЖ деңгээлинде);
- Башкаруу аналитиктери;
- Географтар;
- Моделдер;
- Маркетинг аналитиктери;
- Телекоммуникация коопсуздугу адистери;
- Станция операторлору;
- Китепкана ишин үйрөтүүчү окутуучулар.
Изилдөөдө белгиленгендей, бул кесиптердин көбү — текст жазуу, маалымат анализдөө, суроолорго жооп берүү сыяктуу милдеттерди аткарышат жана аларды ЖИ оңой эле аткара алат. Бирок Microsoft түз жумушсуздук же кыскартуулар жөнүндө айткан жок.
ЖИ азырынча физикалык аракетти, тактыкты жана сезүү жөндөмүн талап кылган жумуштарга анча жарабайт. Бул жумуштар адамдын тажрыйбасына жана кырдаалга ыңгайлашуу жөндөмүнө негизделет.
ЖИ азырынча адам ордун алмаштыра албаган кесиптердин тизмеси:
- Жер казуу жабдууларынын операторлору;
- Суу тазалоо жана канализация системасынын кызматкерлери;
- Темир жолчулар;
- Жыгач кесүү операторлору;
- Шлифовщиктер;
- Моторлуу кайыктарды башкаруучулар;
- Жашылдандыруу, тротуар төшөө иштери менен алектенгендер;
- Үй тазалоочулар (клиниг);
- Мунай жана газ тармагындагы жумушчулар;
- Хирург ассистенттери;
- Массажисттер;
- Офтальмологиялык техникалар;
- Оор жүк жана трактор айдоочулар;
- Өрт өчүрүү бөлүмүнүн жетекчилери;
- Бетон куюучулар;
- Идиш жуугучтар;
- Таңгактоо жабдуусунун операторлору;
- Протез жасоочулар;
- Тиш хирургдары;
- Кооптуу материалдарды тазалоочулар;
- Медайымдар ж.б.
Изилдөө кесиптер жоголот дегенге эмес, өзгөрөт дегенге басым жасайт. Жаңы замандын талабына ылайык эң керектүү сапаттар:
- Ыкчам көнүү — жаңы технологияларга жана ЖИ инструменттерине ыңгайлашуу;
- ЖИ менен иштөө жөндөмү — тапшырма коюу жана жыйынтыкты баалоо;
- Айкалыштыруу — техникалык жана гуманитардык билимин бириктирүү;
- Үзгүлтүксүз билим алуу жана кайра даярдануу — өзгөчө компания ичинде.
Изилдөө АКШдагы Copilot ЖИ жардамчысынын 200 миңден ашуун анонимдүү иш процесстерине таянып жүргүзүлгөн. Максат - кайсы тармактарда ЖИ мурунтан эле колдонулуп жатканын жана кайсы кесиптерге келечекте таасир этерин түшүнүү.
Delta Air Lines компаниясы 2025-жылдын аягына чейин тарифтердин 20 пайызын ЖИ автоматтык түрдө эсептөөдө колдоно баштай турганын билдирди. Ал эми АКШнын санариптик өнүгүү министрлиги ЖИ жардамчы аркылуу жумуш табууга жардам берүүчү система түзүүнү сунуштаган.
