Бишкектеги сейил бактарда соода жайларын ижарага алса болот
Бишкек шаарынын мэриясынын Борбордук аппаратынын Муниципалдык менчик башкармалыгы 7-августтан тарта калаадагы 16 сейил бактагы соода орундарын ижарага алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда мэриядан билдиришти.
Маалыматта балмуздак, суусундуктар, кофе, попкорн, балдар оюнчуктары, велосипеддерди, балдар унааларын, күч өлчөгүчтөрдү, батуттарды, паровоздорду сатуу, иштетүү үчүн ижарага орун алууга болору айтылат.
Муниципалдык менчик комиссиясынын 30-июлдагы чечимине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланганга чейин келип түшкөн арыздар эсепке алынбайт.
Ошондой эле комиссиянын чечимине ылайык, арыз берүүчү бир соода ордун ижарага алууда бир гана арыз берүүгө укуктуу.
Ижарачы менен түздөн-түз ижара келишимин түзүү бир жылдык ижара акысы толугу менен төлөнгөн учурда жүргүзүлөт. Ижара акысынын өлчөмү комиссия тарабынан белгиленет.
Ижарага арыздар 7-августтан 8-августка чейин саат 09:00-16:00 аралыгында, Шевченко көчөсү, 25 (жалпы бөлүм) дареги боюнча кабыл алынат.
Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0312 979195 (ички 4220).

