super.kg logo

Таласта катуу жааган жаандан 112 дыйкан жабыркады

 

28-июль күнү Талас облусунун Айтматов районунун Кайнар жана Арчагүл айылдарында катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен айыл чарба жерлери жана ирригациялык тармак жабыркаган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө жалпы 769,5 гектар айдоо жери жабыркаганы аныкталган. Анын ичинен:

  • 455,4 гектар - төө буурчак,
  • 2,5 гектар - буудай айдоо аянттары болгон.

Жабыр тарткандардын жалпы саны - 112 дыйкан, алардын ичинен:

  • 5 жөлөк пул алуучу,
  • 4 аз камсыз болгон үй-бүлө,
  • 2 социалдык контракт алгандар,
  • 5 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран.

Материалдык чыгымдар:

  • Төө буурчак - 54 миллион 648 миң сом,
  • Буудай - 71 миң 500 сом.

Комиссия төмөнкүдөй сунуштарды берди:

  • Жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштерин уюштуруу райондук администрацияга жана Шекер айыл өкмөтүнө;
  • Кайнар айылында 1700 метрлик сугат каналын жергиликтүү бюджеттин эсебинен тазалоо;
  • Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга сунуш берүү;
  • Жеңил жабыр тарткан 314,1 гектар аянтты 10 күндөн кийин кайрадан кароо.

Эске салсак, буга чейин Айтматов районунун Шекер айыл аймагына катуу мөндүр жаап, дыйкандардын төө буурчактарын талкалап кеткени тууралуу облус жетекчиси маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: