Оштун мэри конуш тургундарынын суранычын орундатты (видео)
Ош шаарынын Озгур-Дача конушунда учурда суу насостору орнотулуп жатат. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, конушта буга чейин бир топ жылдан бери ичүүчү жана сугат сууга муктаждыгы күч болуп келген.
"Кайрылууларга карабастан маселе чечилбей турган. Быйыл шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Курманжан датка аймактык башкармалыгында эл менен жолугушууда конуштун жашоочулары суу маселесин айтып, маселени чечип берүүнү суранышкан.
Мындан улам суу насостору сатып алынып, учурда "Ош шаар суу канал" ишканасы тарабынан орнотулуп жатат",- деп билдирет мэрия.
Муну менен конушка суу чыгарылып, маселе чечилет.
31.07.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-08-01

10:58
2025-08-01
8:16
2025-08-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.