super.kg logo

Кытай спортчусу Гиннесстин жаңы рекордун жаратты

 

Кытайлык атлет Лю Вэйцян бир колунун ортоңку манжасы менен эң оор салмакты көтөрүп, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Фитнес-блогер жана дүйнөлүк рекордчу катары таанылган Лю Вэйцян ортону менен 144,72 килограммды өйдө көтөрүп, жаңы дүйнөлүк рекорд койду. Ал буга чейин бул жаатта эң мыкты деп эсептелген Аруба мамлекетинин спортчусу Эгмонд Молинанын жетишкендигин жаңылады. Эгмонд буга чейин 138,50 килограммды бир манжасы менен көтөргөн.

Бул Лю Вэйцян үчүн биринчи жолу эмес — ал мындан мурун да кеминде 8 жолу Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Анын башка рекорддору төмөнкүлөр:

  • 27,2 килограмм кошумча салмак менен 1 мүнөттө эң көп шакекчеде түртүнүү – 36 жолу
  • 36,2 килограмм кошумча салмак менен 1 мүнөттө эң көп тартылуу – 25 жолу
  • 45,3 килограмм салмак менен 1 мүнөттө шакекчеде түртүлмө – 20 жолу
  • Эң оор тартылуу – 109,2 килограмм
  • Эң оор трицепс түртүнүү – 154,2 килограмм
  • Эң оор салмак менен шакекчеде "түртүнүп чыгуу" техникасы – 44,3 килограмм
  • 18,1 килограмм салмак менен 1 мүнөттө шакекчеде эң көп түртүнүү – 55 жолу
  • 36 килограмм кошумча салмак менен 1 мүнөттө муштумга таянып эң көп түртүнүү – 72 жолу.





Кытай спортчусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: