super.kg logo

Куруучулар күнү үчүн форум: сыйлыктар, меморандумдар жана тармактын келечеги тууралуу диалог

 

Бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарында Куруучулардын күнүнө карата арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзу уюштурду.

Форумдун ачылышында Куруучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы Чолпонбек Курманбекович Акматов куттуктоо сөз сүйлөп, катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, куруучулардын өлкөнүн өнүгүшүндөгү ролуна токтолду.

Форумда курулуш тармагындагы бир катар компаниялар жана алардын жетекчилери тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Ошондой эле форумдун алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Куруучулар союзу, Архитекторлор союзу жана Эл аралык кыймылсыз мүлк ассоциациясы менен өз-өзүнчө кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Бул документтер кадрларды даярдоодо, тажрыйба алмашууда жана тармакты модернизациялоодо биргелешкен аракеттерге багытталган.

Форумдун соңунда союздун төрагасы курулуш тармагынын азыркы абалы боюнча бир катар суроолорго жооп берди. Көйгөйлөр тууралуу сөз кылып жатып, Чолпонбек Акматов мындай деди:

«Биздин башкы көйгөйлөрдүн бири — бул узак мөөнөттүү финансылык каражаттардын тартыштыгы. Анткени дольщиктер көбүнчө 5–7 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн сурашат, ошол эле маалда курулуш 2–3 жылда бүтөт. Бул долбоорлорду кымбаттатат. Мындан сырткары, жер тилкелеринин жана курулуш материалдарынын баасы өсүп жатат, квалификациялуу кадрлар жетишсиз. Мына ошондуктан бүгүн университет менен меморандумга кол коюлду. Мында студенттерди биринчи курстан баштап эле тарбиялоону максат кылуудабыз».

Ошондой эле ал курулуш тармагында санарип технологиялар жана жасалма интеллект элементтери барган сайын колдонулуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан бул багыттагы дүйнөлүк тенденцияларды байкап, Өзбекстан, Казакстан жана Россия менен кызматташтык аркылуу эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө тийиш.

Мындан тышкары, быйылкы жылдан тарта 2-август Кыргыз Республикасынын Куруучулардын күнү катары расмий бекитилди. Бул кесиптин коомдогу ордун белгилөө жана тарыхый салттарды улантуу үчүн маанилүү кадам болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: