Бишкек шаардык мэриясында “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу калаа бийлиги бүгүн, 31-июлда билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Ага ылайык, «Жол-транспорттук инфратүзүм» жана «Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканалары бириктирилип, «Шаардык жол-транспорттук инфртүзүм» муниципалдык ишканасы түзүлдү.

Жаңы ишкананын директору болуп буга чейин «Жол жана транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келген Асылбек уулу Бакай дайындалды.

Мындай чечим шаардык инфратүзүмдү башкарууну оптималдаштыруу жана борбор калаанын тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында кабыл алынды.