super.kg logo

Тарых илимдеринин доктору Владимир Плоских 89 жашында дүйнө салды (некролог)

 

Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор, өлкөнүн илимине эмгек сиңирген ишмер Владимир Плоских 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Владимир Плоских 1937-жылдын 10-апрелинде Акмолинск шаарында төрөлгөн. Өзүнүн илимий жолун мугалимдиктен баштап, Улуттук илимдер академиясынын вице-президентине чейинки даңктуу эмгек жолун басып өттү.

"Академик Плоских археология, этнология, кыргыз-орус мамилелери, мамлекеттик түзүлүш маселелери, жазма булактар жана тарыхтагы инсандык рол сыяктуу багыттарда илимге зор салым кошту. Анын жетекчилиги менен Ысык-Көлдө уникалдуу суу алдындагы археологиялык казуулар жүргүзүлүп, мурда белгисиз болгон ондогон тарыхый булактар илимий жүгүртүүгө киргизилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Владимир Михайлович 300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 30 монографиянын, окуу китептердин жана колдонмолордун автору. Анын эмгектери студенттер, илимпоздор жана мугалимдер үчүн баалуу таяныч булак болуп калды. Ал Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн деңгээлинде таанылган энциклопедиялардын, фундаменталдуу жыйнактардын, көркөм жана даректүү чыгармалардын автору жана редактору болгон.

Ал мыкты илимпоз эле эмес, ошондой эле залкар педагог катары да белгилүү болгон. Көп жылдар бою Кыргыз-Орус Славян университетинде тарых жана маданият таануу кафедрасын жетектеп, диссертациялык кеңештин төрагасы болуп иштеп, үч докторду жана он эки илимдер кандидатын даярдады.

Мамлекеттик сыйлыктары:

• II жана III даражадагы Манас ордени,
• Даңк медалы,
• Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы эки жолу мамлекеттик сыйлыгы,
• Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери наамы, ошондой эле Россиянын, Түркиянын, Индиянын жана башка мамлекеттердин илимий коомдорунун сыйлыктары.

Владимир Плоских тарыхта илимий ар-намыстын, терең билимдүүлүктүн, мекенчилдиктин жана элине болгон чексиз кызматтын символу катары түбөлүккө калат.

Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине, окуучуларына, жалпы илимий коомчулукка жана бул улуу инсанды таанып, баалаган бардык адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С.Н. Жапаров, Н. Тургунбек уулу, А.А. Касымалиев, Э.Ж. Байсалов, А.С. Кадыралиев, М.А. Сатыев, А.А. Акаев, Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, В.К. Раимбачаева, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, Н.К. Ташбеков, Б.С. Орозов, А.Дж. Джунушалиев, К.Е. Абдрахматов, Д.Т. Чонтоев, Ч.И. Арабаев, А.А. Акматалиев, А.А. Асанканов, С.Ж. Мусаев, О.И. Ибраимов, А.Э. Эркебаев, Ы. Мукасов, Ш.Ж. Жоробекова жана башкалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: