super.kg logo

Кытай Казакстанга эки атомдук электр станциясын курат

 

Казакстандын биринчи вице-премьери Роман Скляр 31-июлда билдиргендей, өлкөдөгү үчүнчү атомдук электр станциясын да Кытай курат. Бул тууралуу Forbes Kazakhstan маалымдады.

"Үчүнчү атомдук электр станциясын Кытай курат. Азыр Атомдук энергия агенттиги жана "Казакстан атомдук электр станциялары" ЖЧКсы келечектеги станциялар жайгаша турган жерлерди изилдеп жатышат. Иш жүрүп жатат жана бул жылы станциялар кайсы аймактарда курулары расмий жарыяланат деп ойлойм. Бардык тараптар менен макулдашуулар да каралууда",- деди Скляр.

Ал бул долбоорду Кытайдын буга чейин экинчи АЭСти курууга тандалган корпорациясы — CNNC ишке ашырарын тастыктады.

Казакстандын Атомдук энергия агенттиги 14-июлда АЭС куруучу компанияларды тандоо жыйынтыгын жарыялаган. Биринчи атомдук станцияны куруу боюнча консорциумдун лидери катары Орусиянын "Росатом" компаниясы, ал эми экинчиси катары Кытайдын CNNC корпорациясы тандалган.

Биринчи атомдук электр станцияны Жамбыл облусундагы Үлкен айылында, Балхаш көлүнүн жээгинде куруу пландалууда. Долбоордун баасы болжол менен 14 миллиард долларды түзөт.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өлкөгө жок дегенде үч атомдук электр станциясы керек экенин баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: