АКШ Индияга Орусия менен соода мамилеси үчүн бажы төлөмүн 25 пайызга жогорулатат
АКШ бийлиги бүгүн, 1-августтан тарта Индияга карата 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизет. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп TruthSocial социалдык тармагында билдирди.
Чет элдик ЖМКлар маалымдагандай, тарифтин жогорулашына АКШнын Индия менен болгон соодадагы теңсиздиги жана анын Орусия менен болгон экономикалык байланыштары себеп.
"Индия биздин дос өлкө болгону менен биз көп жылдан бери аны менен чоң көлөмдө соода жүргүзө албай келебиз, анткени анын бажы төлөмдөрү өтө жогору - дүйнөдөгү эң жогорку деңгээлде. Андан тышкары, Индия эң катаал чектөөлөрдү колдонуп келет",- деп жазды Трамп.
Ал ошондой эле АКШ менен Индиянын ортосундагы соода таңсыктыгына да даттанды.
"Индия дайыма өзүнүн аскердик техникасынын басымдуу бөлүгүн Орусиядан сатып алып келет. Ошондой эле Кытай менен катар эле Орусиядан эң көп энергия ресурстарын сатып алган өлкө болуп саналат",- деди Трамп.
АКШнын лидери бажы төлөмүнөн тышкары, Индияга кошумча айып сала тургандыгын айтты, бирок анын көлөмүн ачыктаган жок.
