super.kg logo

Трамп Орусия-Украина согушунун улануусуна байланыштуу Москвага нааразычылыгын билдирди

 

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун дагы эле уланып жатканына өкүнүчүн билдирип, Москвага карата катуу сын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Менин оюмча, Орусиянын жасап жатканы жийиркеничтүү",- деди ал Ак үйдө өткөн кол коюу аземинде сүйлөп жатып.

Анын айтымында, АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Жакынкы Чыгыштагы иш сапарынан кийин Москвага барат жана ал жерде дагы сүйлөшүүлөрдү улантат.

Трамп согушту токтотууга аракет кылбаганы үчүн Орусияга карата өз нааразычылыгын билдирди.

"Бул Байдендин согушу болчу, менин эмес. Бирок мен шайлансам, бул согушту токтотууга аракет кылам дегем. Менимче, Орусиянын жасап жатканы өтө жаман",- деп кошумчалады.

Трамп АКШ бул согушка такыр аралашпашы керек болчу деп эсептейт. Ал ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинге буга чейин бир нече жолу кайрылса да, алар жоопсуз калганына нааразы болду.

"Жакын арада Орусияга карата санкциялар киргизилет, бирок бул санкциялар Путинди чынында эле түйшөлтөт деп ишенбейм",- деди Трамп.

Белгилей кетсек, Трамп буга чейин согушту токтотууга багытталган аракеттерди көрбөгөнү үчүн Орусияга каршы 10 күндүн ичинде санкция саларын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: