Washington Post Газа согушунда курман болгон балдардын ысымдарын жарыялады
Америкадагы белгилүү The Washington Post гезити 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газа тилкесиндеги чабуулдарында курман болгон 18 500дөй палестиналык баланын айрымдарынын ысымдарын гезит бетине чыгарып, интернет сайтында алардын толук тизмесин, сүрөттөрүн жана кыска өмүр баяндары менен кошо жарыялады.
Гезиттин сайтында жарыяланган маалыматта, бир жашка толо электе, болгону 70 күндүк курагында каза болгон Саннд Абу ал-Шаер менен анын 5 жаштагы агасы Тарик Абу ал-Шаер тууралуу баяндалган. Тарик чоңойгондо балдар дарыгери болууну кыялданган.
Маалыматта, Газада 900дөн ашуун бала биринчи туулган күнүн майрамдаганга жетишпей каза болгону айтылат.
"Бул жерге чейин берилген ысымдар 2023-жылдын октябрынан бери өлтүрүлгөн балдардын 1 пайыздан азы",- деп жазылат тизменин орто ченинде.
Тизмеде 5 жаштагы Хинд Ражаб жана анын 15 жаштагы бөлөсү Лаян Хамаданын ысымдары да бар. Алардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн кандайча өлтүрүлгөнү төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
"Хинд акыркы сааттарын алты тууганынын жансыз денеси курчаган ок тешиктүү унаанын ичинде өткөрдү. Ал жардам сурап кыйкырганы менен эч ким жетип барган жок. Үч саат бою Кызыл Ай кызматкери менен байланышта болуп, Куран окуп отурду. Израилдик танк унаага жакындаганда кызматкер аны сооротууга аракет кылды. Хинд: "Келгиле мени алып кеткиле, тезирээк", - деп жалбарды. Он эки күндөн кийин анын сөөгү табылды.
Хинддин бөлөсү Лаян унаада тирүү калган акыркы адам болчу. Ал акыркы жолу телефон аркылуу чалганда: "Бизге ок атышууда. Танк жанымда",- деген. Бир нече секунддан кийин бир нече ок атылганы жана автоматтык куралдардын катуу үнү угулган.
Макалада 2023-жылдын октябрынан тарта Газа секторунда каза болгон 18 жашка чейинки балдар тууралуу графикалар да берилген. Анда 10 жашка чейинки 9 327 бала каза болгону жана жалпы курман болгондордун 31 пайызы балдар экени айтылган.
Гезиттин X баракчасында бул темага арналган 18 билдирүү жарыяланды. Алардын акыркы бөлүгүндө жарыяланган ысымдар Израилдин чабуулдарында өлтүрүлгөн 180 гана баланын ысымдары экенин баса белгилешкен.
