super.kg logo

Түштүк Корея менен АКШ Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан ажыратышы мүмкүн

 

Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Хён менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтондо жолугушуп, эки тараптуу мамилелердин маанилүү маселелерин талкуулашты. Анда Корея жарым аралын толук денуклеаризациялоо максатына умтулуусун тастыкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жолугушуу 31-июлда өттү. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри АКШга баруудан мурун Японияга барган.

Сеулда белгилегендей, Түштүк Кореянын тышкы иштер министри менен АКШнын сенатору эки тараптуу мамилелерди, Япония менен үч тараптуу кызматташтыкты жана аймактагы кырдаалды талкуулашты. Саясатчылар бажы төлөмдөрү боюнча макулдашууга байланыштуу куттуктоолорун алмашышып, кеме куруу тармагында биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгилешти.

"Министр менен мамлекеттик катчы Түндүк Кореяны толугу менен өзөктүк куралдан арылтуу максатына бекем туруу жана чогуу коргонуу күчтөрүн колдоо тууралуу макулдашты",- деп билдирди Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги.

Тараптар Түндүк Корея маселеси боюнча тыгыз байланышта болуп, кырдаал боюнча маалымат алмашып турууга макул болушту.

Чо Хён менен Рубио Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын ортосунда үч тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө да макулдашты. Түштүк Кореянын министри Сеул менен Вашингтондун байланышын коопсуздук жана экономика гана эмес, жогорку технологиялар жаатында да чыңдоо үмүтүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: